Маймыл чечегинин аталышы өзгөртүлөт

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечекти MPOX  (англ. «Эм-пи-оу-экс») деп өзгөртүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу РБК жазды.

Politico билдиргендей, ДССУ жаңы аталышты расмий түрдө 23-ноябрда жарыялашы мүмкүн. Булактардын айтымында, мындай чечим АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясынын жогорку даражалуу чиновниктери тарабынан ДССУнун лидерлерин оорунун аталышын өзгөртүүгө үндөгөн кысым күчөгөн учурда кабыл алынганы айтылды.

«Байдендин администрациясы бир нече ай бою вирустун аталышы, айрыкча түстүү адамдардын арасында стигманы күчөтүп жатат деп тынчсызданып келген жана жаңы аталышка жай кадам таштоо анын жайында башталган эмдөө кампаниясына тоскоол болуп жатат», — деп билдирген басылмага булактар.