Индиянын Манса Деви храмында диний зыярат учурунда эл жык толгон кууш тепкичте тыгын болуп, сегиз киши каза болду. Трагедия Индиянын Уттаракханд штатында, Харидвар шаарында болгонун The Times of India басылмасы жазды.
«Эки адамдын абалы оор, алар медициналык борборлорго жөнөтүлдү. Калгандары райондук ооруканада дарыланууда», — деп айтылат маалыматта.
Басылманын маалыматына караганда, миңдеген адамдардын арасында дүрбөлөң электр кабели кулагандан кийин башталган. Чогулгандар ар кайсы тарапка чуркай башташкан. Дагы 34 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.
Айрым басылмалар электр кабелин маймылдар кулатканын жазып жатышат.











