Максим Фадеев Салтанат Нукеновага арналган ырын жарыялады

Орусиялык композитор, продюсер Максим Фадеев өткөн жылы жолдошу, казак экс-министри Куандык Бишимбаевдин ур-токмогунан каза тапкан Салтанат Нукеновага арналган «Salta» деген ырын жарыялады.

«Мен Салтанаттын ушул мелодияда жашашын кааладым… Ага эч ким эч качан кол тийгизбешин кааладым», — деп жазган композитор Инстаграм баракчасында. Аталган билдирүүгө комментарий жазгандар продюсерге ыраазычылык билдиришүүдө. Анын катарында Салтанат Нукенованын агасы Айтбек Амангельды «Максим, рахмат! Көзгө жаш алууга жеткирет» деп жазды.