«Мал болсо да сезимдери бар». Социалдык тармакка касапчыга сатылган текенин эчкирген видеосу тарады (видео)

Курман айт майрамында касапчыга сатылган текенин ээсинин кучагына жабышып, эчкирип маараган видеосу тарады.

Маалыматка ылайык, окуя Курман айт майрамында тартылган. Твиттер колдонуучусу текенин ээси менен коштошуудагы эчкирген видеосун жүктөп «Сөз сүйлөй албаган мал болсо да алардын эмоция, сезимдери бар. Алар сезимдерин айта алышпайт, бирок билдиришет. Видеодон ээси менен коштошуу теке үчүн оор болуп жатканын көрүүгө болот», — деп жазган.

Видеодогу текенин абалын социалдык колдонуучулар атасынан айрылып ыйлаган балага салыштырышкан.