Малайзия 10 жыл мурун жүргүнчүлөрү менен кошо жоголуп кеткен учакты издей баштайт

Малайзиянын өкмөтү 10 жыл мурун жоголуп кеткен Malaysia Airlines MH370 учагын издөөнү кайра баштайт. Бул тууралуу транспорт министри Энтони Локи билдиргенин The Star жазды. 

Локи Министрлер кабинетин океан түбүндө издөө иштерин кайра баштоо үчүн Ocean Infinity менен келишим түзүүгө ынандыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

«Транспорт министрлиги Ocean Infinity компаниясын Малайзияга «табылбайбы, акы төлөбөйбүз» сунушун талкуулоого чакырууга даяр. Мен сунушталган жаңы изилдөөлөрдүн жана жаңы технологиялардын айрымдарында прогресс бар экенине кубанычтамын жана биз бул ишке ашат деп үмүттөнөбүз. Ал учактын калдыктарын табууга жана «каза болгондордун жакындарына кырсык тууралуу чындыкты ачып берүүгө» жардам берет, — деди ал Малайзия аба жолдорунун MH370 10-рейсин эскерүү иш-чарасында.

2014-жылдын 8-мартына караган түнү Куала-Лумпурдан Пекинге MH370 рейси менен учкан Malaysia Airlines авиакомпаниясынын Boeing 777-200 жүргүнчү учагы радардын экранынан жоголуп кеткен. Лайнердин бортунда 12 экипаж мүчөсү жана 227 жүргүнчү болгон. Азырынча учактын калдыктары жана кырсык болгон жер табыла элек.

2019-жылдын жай айларында учактын 57 жаштагы командири Захари Ахмад Шах экинчи учкучту бекитип салып, анан учакты атайылап кыйратышы мүмкүн экени белгилүү болгон.