Малайзияда 8 жыл түрмөдө күн кечирүүгө аргасыз болгон оппозиция лидери бийликке келди

Малайзиянын падышалык хансарайы бүгүн, 24-ноябрда оппозициялык «Үмүт альянсы» партиясынын лидери Анвар Ибрагим Малайзиянын өкмөт башчылыгына дайындалганын жарыялады.

75 жаштагы саясатчы Куала-Лумпурдагы хансарайда падыша Султан Абдулла Султан Ахмад Шахтын алдында ант берди.

Анвар Ибрагим өзүнүн саясий карьерасын студенттик активист катары баштаган, 1971-жылы малай аббревиатурасы менен белгилүү болгон малайзиялык Мусулман жаштарынын кыймылын негиздеп, кийинчерээк элет жериндеги жакырчылыкка жана башка социалдык-экономикалык себептерге каршы нааразылык акцияларын жетектеген. Ал тез эле каржы министри жана вице-премьерлик кызматка чейин көтөрүлүп, харизмалуу, амбициялуу жана реформачыл саясатчы катары репутацияга ээ болгон. 1998-жылы Анвар Ибрагим кызматтан алынып, коррупцияга айыпталган. Ал 2004-жылы абактан чыгып, 2018-жылы ырайым кылынып, эркиндикке чыкканга чейин 8 жылдай түрмөдө отурган.