Мамлекеттик айыптоочу: «Салтанат өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн»

Бүгүн, 2-майда Астанада жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп айыпталган экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча соттук отурум уланууда. Анда жарыш сөз кезеги боюнча прокурор Айжан Аймаганова эмоционалдуу сүйлөп жатат.

«Бишимбаевдин жүрөгү жок. Мен биринчи жолу акылы бардай, сырткы көрүнүшүнөн жаман эместей көрүнгөн, бирок эң башкысы жүрөгү жок болгон адамды көрдүм. Биз анын көзүнөн өкүнүчтү, боорукердикти, кайгырууну көрө алган жокпуз», — деди ал.

Мамлекеттик айыптоочу Салтанат Нукенованын башына 12-13 жолу сокку болгонун айтты.

«Бишимбаев бизге Салтанат башы менен унитазга урунганын, кийин полго бети менен бир канча кулаганын айтып берген. Бирок экспертиза башканы көрсөттү. Салтанат өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бишимбаев 10 сааттан ашык убакыт бою уруп-согуп, кыйнап, табалап кордогон. Ал жубайын түнү токмоктоп баштап, сабаганын таңкы маалга чейин уланткан. Чыр эмнеден чыкпасын, бир да аялзаты мындай мамилеге татыксыз! Салтанат өмүрү менен кош айтышып жатканда Бишимбаев Насырбекова менен жолугушуп, башка аялдар менен жазышып, иши боюнча тапшырма берип, Байжанов менен тамактанган. Мунун баары Бишимбаев акыл-эси ордунда болгонун билдирет», — деди прокурор.

Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, Бишимбаевге 2 адам 15 жолу «Тез жардам» чакыруу керектигин айтышкан, бирок ал Салтанат каза болгондо гана «Тез жардамды» чакырган.