Марокколук Тайеб айт Игенбазга абдан оор тандоо жасоого туура келген. Ал урандылардын астынан же ата-энесин же уулун куткарып калышы керек болчу. Окуя тууралуу Би-Би-Си кызматы жазды.
Зилзала болгон учурда ал үйүндө жубайы, эки баласы жана ата-энеси менен болгон. “Баары көз ачып жумганча болуп кетти. Жер титирөө башталганда эшикке карай чуркап жөнөдүк. Атам уктап жаткан, апама биз менен жүр деп кыйкырдым, бирок ал атамды күтүп кала берди”, — деп эскерет Тайеб.
Ал алдында аялы менен кызы чыгып баратканын гана көргөн. Кыйраган үйүнө кайрылып, Тайеб уулу да, ата-энеси да урандылардын астында калганын түшүнгөн. Ал урандылардын астында араң кыймылдап жаткан уулунун колун көргөн. Тайеб уулун тез алып чыгуу үчүн ага чуркап жетип, дубалдын урандылардын тытмалай баштаган. Бирок чоң таш плитанын астында калган ата-энесин чыгара баштаганда, кеч болуп калганын түшүнгөн.
Ал көзүнө жаш алып: “Мага ата-энем менен уулумдун ортосунда тандоо жасоого туура келди. Мен аларга жардам бере алган жокмун, анткени дубал алардын денелеринин жарымын басып калган экен. Кайгыга чөгүп турам. Алар көз алдымда жан беришти. Мен жаңы төрөлгөндөй болдум. Ата-энем, үйүм, тамак-ашым, кийим-кечем жок болду. Азыр 50 жаштамын, бирок эми баарын кайра башташым керек болот», — деди.
Ал жашоосун кантип улантарын азырынча билбей турат, бирок атасы менен апасынын айткан насааттарын унутпайт: “Алар дайыма сабырдуу бол, талыкпай эмгектен жана эч качан артка кайтпа деп айтышчу”. Ал жасаган тандоо ага тынчтык бербей жатканын билдирген.