Мароккодо катуу жер титирөө болуп, 300дөй адам каза болду

Мароккодо 8-сентябрда кечинде күчү 6,8 баллга жеткен күчтүү жер титирөө болуп, 300гө жакын адам каза болуп, тарыхый Марракеш шаарындагы имараттар жабыркады. Бул тууралуу CNN билдирди.

АКШнын Геологиялык кызматы бул Түндүк Африка өлкөсүнүн бул бөлүгүндө акыркы ондогон жылдардагы эң күчтүү жер титирөө болгонун билдирди.

Марокконун ички иштер министрлиги ишемби күнү кеминде 296 киши каза болуп, 153ү жаракат алганын билдирди. Көптөгөн марокколуктар жер титирөөдөн коркуп, шаардын көчөлөрүндө түнөштү.