Mars M&M кондитердик фабрикасында эки адам шоколад эриткен идишке түшүп кетишкен

АКШнын Пенсильвания штатында жайгашкан Mars M&M кондитердик фабрикасында эки адам шоколадды эритүүчү чоң идишке түшүп калышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жабыркагандарды тез арада куткаруу үчүн өрт өчүрүү кызматкерлери идиштин капталдарынан тешишкен. Куткарылгандардын бирин вертолёт, экинчисин «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилгени айтылат.

Азырынча экөө кантип чоң идишке түшүп калгандыгы жана алардын абалы тууралуу маалымат тактала элек.