Марстагы ылайдан кийинки жаракалар окумуштууларды таң калтырды

Curiosity марсоходу Марста байыркы ылайдан калган жаракаларын тапты. Алар аталган планетада мурда нымдуулук жана кургактык болгонунан кабар берет. Бул тууралуу Nature журналындагы макалага таянуу менен НАСАнын басма сөз кызматы билдирди.

Француз университетинин өкүлдөрү марсоход тарабынан алынган маалыматтарды изилдеп чыгышты. Ал Марстагы Гейл кратеринде иштейт. Ал жерден алты бурчтуу сүрөт табылган. Окумуштуулар анын пайда болушу нымдуу жана кургак аба ырайынын кайталануучу циклдеринен кабар берет деп ырасташат.

Марсоход жаракаларды 2021-жылы чопо катмары менен сульфатка бай катмардын ортосундагы зонада тапкан. Чопо минералдары көбүнчө сууда пайда болот, сульфаттар — ным кургаганда пайда болот.

Окумуштуулар планетада кургак жана нымдуу мезгил узак убакыт бою болгонун баса белгилешет. «Бизге жакын жерде Марс сыяктуу планета бар болгондугу үчүн абдан кубанычтабыз. Ал дагы эле жашоону пайда кылган табигый процесстерди өзүнө камтыйт», — деп айтылат докладда.

Баткак жаракаларынын ачылышы окумуштууларга планетадагы жашоонун калдыктарын изилдөө мүмкүнчүлүгүн берери белгиленген.