«Маша менен аюу сыяктуу». Машыктыруучу менен анын окуучусунун жүрөк элжиреткен видеосу

Машыктыруучу менен анын окуучусунун жүрөк элжиреткен видеосу интернетте тарады. Tengri Lifestyle видеонун каармандары тууралуу кенен айтып берди.

Маалым болгондой, видеонун кичинекей каарманы машыгууда машыктыруучусунун жанында турат, ал эми калган балдар активдүү машыгууда. Бул видеону жарым миллиондой жаран көргөн. Социалдык тармактын колдонуучулары «Маша жана аюу сыяктуу», «Бала жакшы адамды сезет» деген комментарийлерди жазып жатышат. 

Видеодогу машыктыруучунун аты Алибек Аскар. Ал 22 жашта. Видео мындан бир жыл мурда Алматыда тартылган. «14 жашымдан профессионалдуу түрдө дзюдо менен алектендим. Азыр жаракатыма байланыштуу машыктыруучу болуп иштебейм. Видеодо менин окуучум Ангелина, анда ал төрт жашта болчу. Ата-энесинин айтымында, азыр сууда сүзүү менен машыгып жүрөт», — деди Алибек Аскар.

Машыктыруучу спортко жүргөн күндөрдү эстеп, архивдик видеосун бөлүшкөн. «Бул видеого мындай реакция болот деп күткөн эмесмин. Видео популярдуу болгондон кийин мен дагы интенсивдүү машыгып, спортко кайтышым керек деген ишеним жана ой пайда болду», — деген ал. 

@asqarov.alibekУченица ♬ оригинальный звук — Алибек Аскаров