Илон Маск Twitter’дин башкы директору кылып итти дайындады

Твиттердин жаңы башкы директору болуп ит дайындалды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Буга далил катары америкалык ишкер жана соцтармактын ээси Илон Маск өзүнүн баракчасына иттин алдыңкы бутунун изи калтырылган документтерди көрсөткөн. Жаныбардын аты Флоки экенин да жазышты. 

«Твиттердин жаңы башкы директору укмуштуудай», — деп жазды ал.