Массалык мушташтар. 400дөй мигрантка Орусияга кирүүсүнө 40 жылга тыюу салынды

Москвада 400гө жакын мигрантка мушташка катышканы үчүн 40 жылга Орусия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Бул маалымат менен Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын качкындар, убактылуу башпаанек жана ички жер которгондор менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Татьяна Дмитриева бөлүшкөн. Буга чейин Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев эмгек мигранттарынын ири агымы кылмыштуулуктун көбөйүшүнө, улуттар аралык чыр-чатакка алып келип, жергиликтүү калк арасындагы тирешүүнүн күчөшүнө жана баш аламандыктардын чыгышына шарт түзөрүн билдирген.