Барбинин сколиоздон жабыркаган сиңдиси пайда болду. Корсет кийген биринчи куурчактын сүрөтү

Барби жана Монстер Хайдын өндүрүүчүсү катары белгилүү америкалык Mattel компаниясы сколиоз менен ооруган биринчи куурчакты чыгарды. 

Куурчакты жасап жатканда компания нейрохирург Люк Масицин менен кеңешкен. Белгилүү болгондой, жаңы куурчак Челси деп аталып, Барбинин сиңдиси болот. Челси омурткасынан жабыркап, аны оңдоо үчүн атайын корсет кийет.

Бул куурчак менен бренд атайын ден соолукту чыңдоочу жабдыктарды кийип жүрүүнү нормалдаштырып, сколиоздон дарыланып жаткан балдарга өзүн ыңгайлуу сезүүгө мүмкүндүк берет деп үмүттөнөт.