Мбаппенин зордуктоого шектелиши: полиция тинтүү жүргүздү

Швециянын маалымат каражаттары «Реал Мадриддин» жана Франция курама командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппенин зордуктоо иши боюнча мейманкана кызматкерлери суракка алынганын жана оюнчунун бөлмөсү тинтүүгө алынганын Tengri Sport басылмасы жазып чыкты.

Килиан Мбаппе Стокгольмдо (Швеция) зордуктоо боюнча кылмышка шектелип жатканын ЖМКлар жазган. Бул кабар фейк экенин футболчу өзү социалдык тармактагы баракчаларында билдирген. Швециянын TV4 порталынын маалыматы боюнча, 12-октябрда ооруканага жардам сурап кайрылган аял Килиан Мбаппе тарабынан зордукталганын айткан.

Кылмыш Стокгольмдун борборундагы мейманканада болгон. Окуя болгон жерде полиция иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Булак ошондой эле зордуктоо фактысы боюнча арыз түшкөнүн, бирок тергөө учурунда маалымат ачыкталбай жатканын билдирген.