McDonald’s Казакстандагы ишин убактылуу токтотот

Казакстандагы McDonald’s бардык ресторандарынын ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

«Казакстандагы McDonald’s 18-ноябрдан тарта жергиликтүү азык-түлүктөрдү чектөөгө байланыштуу бардык ресторандарынын ишин убактылуу токтотуп жатат. Компания ишти мүмкүн болушунча тез жандантуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Ресторандарды ачуу мөөнөтү кийинчерээк маалымдалат», — деп айтылат маалыматта.

Компаниянын басма сөз кызматы «Food Solutions KZ» Казакстанда 6 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатканын жана фастфуд ресторан тармагындагы лидерлердин бири экенин баса белгиледи.