Медведев Зеленскийди жок кылууга үндөдү

Украинанын учкучсуз учагынын Кремлге жасаган чабуулу Украинанын президенти Владимир Зеленскийди жана анын айланасындагыларды “физикалык жактан жок кылуудан” башка арга калтырбайт. Мындай пикирин Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдирди.

Ал мындай абалдын эки украиналык учкучсуз учактын Москва Кремлине чабуулунан кийин өнүккөнүн баса белгиледи.