«Мээ менен жүлүн денени башкара албай калгандай элес калтырат». Канадада белгисиз илдет аныкталды

Канаданын Нью-Брансуик провинциясында дарыгерлер белгисиз илдеттин очогун аныкташты. Бул тууралуу The New York Times жазып чыкты.

Невролог Нил Кэшмандын айтымында, бейтаптарга тез өнүгүүчү психикалык оору диагнозу коюлган. Тактап айтканда, мээ менен жүлүн денени башкара албай калгандай элес калтырат.

«Адамдар бул экологияга байланыштуубу же тукум куугуч илдетпи деп сурашат. Сапатсыз эт же балык же башка нерсени колдонуу ооруга алып келеби? Бардыгы жоопторду билгиси келет”, — деди оорудан жапа чеккен шаарлардын биринин мэри Айвон Годин.

Бул илдет алгач 2015-жылы аныкталган жана ошондон бери жалпы оорулардын саны 48ге жетип, анын ичинен алтоо көз жумган. Оорунун белгилерин адистер уйкусуздук, кыймылдаткыч функцияларынын бузулушу, эс тутумдун начарлашы, чарчоо жана галлюцинация деп аташат. Ошол эле учурда, дарыгерлер диагнозду так аныктай алышпайт, анткени оорунун көрүнүштөрү бири-бири менен так байланышпайт.