Мехикодо метро көпүрөсү урап, 20 адам көз жумду (видео, сүрөт)

3-май күнү кечинде Мехикодо эл көп жүргөн метро көпүрөсү кулап, 20 адам (анын ичинде балдар да бар) каза болуп, 49 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыкты.

Жергиликтүү Milenio TV каналындагы жарыялаган видеого караганда, кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:30 чамасында болгон. Көпүрө унаалар өтүп жаткан жолго ураган. Шаардын мэри Клаудиа Шейнбаум куткаруу иштерин поезддин түшүп кетүү ыктымалдуулугуна байланыштуу кран алып келингиче токтотуп турган. Ал көпүрө үстүнөн поезд өтүп баратканда урап кеткенин айткан. Мэрдин айтымында, ооруканага жеткирилген 7 адамдын абалы өтө оор жана аларга операция жасалган. Ал ага чейин кырсыктан 70тен ашык адам жаракат алганын билдирген. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул көпүрө дээрлик он жыл мурун тышкы иштер министри Марсело Эбрард Мехиконун мэри болуп турганда курулган.