Мексика булуңундагы газ түтүгүндө өрт чыкты. Өрт деңиздин бетине 78 метр тереңдиктен көтөрүлдү (видео)

Мексиканын мамлекеттик мунай жана газ компаниясы билдиргендей кечээ, 2-июлда Мексика булуңундагы суу алдындагы газ түтүгүндө өрт чыгып, жалын 78 метр тереңдиктен суунун бетине чыккан.

Өрт Мексиканын түштүк-чыгышындагы Кампече штатындагы Сьюдад-дель-Кармен шаарынын жээгинде чыккан. Өрт таңкы саат 5:15те газ түтүгүнүн клапандарынын биринин иштебей калгандыгынан улам газ чыгып кеткенден кийин башталган.

Өрт беш жарым сааттан кийин өчүрүлгөн. Компания окуядан улам эч ким жаракат албагандыгын, кызматкерлер эвакуацияланууга мажбур болбогонун белгиледи. Азырынча өрт кырсыгы канча чыгым алып келгендиги белгисиз.