Мексикада Чилпансинго шаарынын мэри Алехандро Аркос өлтүрүлдү. Анын башы жок денеси Виллас-дель-Робле аймагынан табылганын жергиликтүү El Financiero гезити жазды. Адам өлтүрүүгө эмне себеп болгону белгисиз.
Чилпансинго — Мексиканын батышында жайгашкан Герреро штатынын борбору. Аркос кызматка 30-сентябрда киришкен. Өлөөрүнө бир нече саат калганда ал бороондон жабыркаган калктуу конуштарга барган. Мамлекеттик прокуратура анын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду.