Мексикада ачка калган наристени эмизе салган полиция кызматкери жүрөк элжиретти

Мексикада полиция кызматкери бирөөнүн эмчектеги баласын эмизе салган видео тарап, жүрөктү элжиретти.

33 жаштагы полиция кызматкери Аризбет Дионисио Амбросио Мексиканын бороон-чапкын талкалап кеткен Акапулько шаарындагы куткаруу иштеринде жүрүп, алыстан баланын ыйлаганын уккан. Бир аз убакыттан соң, эки баланын энеси Амбросио кайрадан баланын ыйын угуп, анын себебин билүүнү чечкен.

Ошол маалда ал төрт айлык баласы бар аялды жолуктурган. Ал аял уулу эки күндөн бери ачка экенин айтып, ачкалыктан ыйлап жатканын билдирген. “Мен ага өзүм да бала эмизем, эгер кааласа анын баласын да эмизип берем деп айттым”, — дейт полиция кызматкери.

Амбросио коргоочу кийимин чечип, ачка болгон баланы эмизе баштаган, көп өтпөй баланын ыйлаганы басылган.