Мексикада коронавирустан коргонуу үчүн мурункап иштелип чыкты

Мексикада коронавирустан коргонуу үчүн мурункап иштелип чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган мурункаптар дайыма колдонууга сунушталбайт. Ал COVID-19 дем алуу жолдору аркылуу абадан да жуккандыгына байланыштуу адамдар тамак ичкенде, суу ичкенде, тиш доктурга текшерилгенде мурунду калкалап туруу үчүн иштелип чыккан. Дал ушул сыяктуу зарыл шарттарда гана убактылуу пайдаланылат.

Ошондой эле бул мурункапты иштеп чыккан Мексика улуттук политехникалык институтунун изилдөөчүлөрү мурункапка патент алышты. Учурда алар мурункап өндүрүү иштерин жүргүзө турган компания менен макулдашып жатканы айтылды.