Мексикада кылмыштуу топтордун кагылышуусунан 34 адам каза болду

Кечээ, 26-июнда Мексиканын түндүгүндө кылмыштуу топтордун кагылышуусунан курман болгон адамдардын саны 34кө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, Закатекас штатында аймактын көзөмөлүн сактап калуу үчүн атаандаш уюшкан кылмыштуу топтор бири-бирине оор куралдар менен кол салышкан. Бул башаламандыкта курман болгондордун саны бир күн ичинде 18ден 34кө жетти. Аймакка атайын коопсуздук топтор жиберилип, полиция кызматкерлери тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери башталганын жергиликтүү бийликтен билдиришкен.