Мексикада миңдеген кишинин алдында кыздын колун сураган жигиттин сунушу четке кагылды

Мексиканын Халиско штатында жигит адамга жык толгон стадиондо кыздын колун сурап, ошол жерден сунушу четке кагылды. Окуянын видеосу интернетке тарап жатат. 

Клаусура-2023 турниринин алкагындагы Мексиканын Атлас жана Монтеррей командаларынын беттешинин жүздөгөн күйөрмандары адамдын жүрөгүн жаралаган учуруна күбө болушту. Тыныгуу учурунда жигит кызына тизе бүгүп, андан аркы жашоосун бирге өткөрүүгө сунуш киргизген, бирок кыз ошол жерден басып кеткен.