Мексика бийлиги Америка менен Мексиканы байланыштырган жашыруун туннель жөнүндө маалымат табышты. Алар туннелдин жайгашкан жери тууралуу маалыматты TikTok’тогу талкуулардан билишкен.
CBS телеканалы Мексиканын Сьюдад-Хуарес шаарындагы гарнизондун командири Хосе Лемуска шилтеме берип, АКШ-Мексика чек арасынан табылган жашыруун туннель жок кылынат деп билдирди. Генералдын айтымында, өтмөктүн бийиктиги болжол менен 2 метр, туурасы 1,2 метр. Хосе Лемус Мексиканын Башкы прокуратурасы учурунда туннелдин курулушун байкамаксан болуп койгон жергиликтүү бийликтегилерди иликтеп жатканын белгиледи.
10-январда табылган туннель Сьюдад-Хуарести АКШнын Техас штатындагы Эль-Пасо шаары менен байланыштырат. Мексика бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, анын узундугу 300 метрдей жана жарык менен желдетүү бар.