Мексиканын Сан-Педро-Уамелула шаарынын мэри Виктор Хьюго Соса аллигатор менен «баш кошту». Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мексиканын кылымдар бою келаткан ырым-жырымын улай мэр 7 жашар ургаачы аллигаторго «үйлөнгөн». Аллигаторго кадимкидей ак көйнөк кийгизип, бирок «болочок жолдошун» тиштеп салбасын деп тумшугун жип менен байлап коюшкан. Элдин ишениминде, аллигатор Жер эненин символу катары эсептелинет. Анын жергиликтүү лидер менен «баш кошуусу» адамзат менен ыйык Жер эненин биригишин символдоштурат. Ошонун жыйынтыгында шаарга береке келет деп ишенишет Мексиканын эли. «Биз жаратылыштан жетиштүү жаан-чачын, тамак-аш сурайбыз» деген аллигаторго «үйлөнгөн» мэр.
Сан-Педро-Уамелула шаары XVIII кылымдан бери келаткан салтты унуткарбай улап келет.