Мексиканын президенти коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадордон коронавирус аныкталды. Ал 67 жашта. Бул тууралуу президент социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Тилекке каршы COVID-19 оорусун жуктуруп алдым. Белгилери жеңил, бирок дарыланып жатам. Адаттагыдай эле оптимисттик көз караштамын», — деп жазды президент.

Анын ордуна ички иштер министри Ольга Санчес Кордеро эртең мененки маалымат жыйындарын өткөрөт.

Кийинчерээк президент бүгүн, 25-январда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирди.