«Мектепке агасын ээрчип барган». Телефон кармап, килемге жатып алган баланын апасы сүрөт тууралуу айтып берди

Кечээ, 1-сентябрда социалдык тармактарга телефон кармап, килемге жатып алган баланын сүрөтү тарады. Сүрөт Казакстандын Караозен айылындагы мектепте тартылганы маалым болду. Казак ЖМКлары бала жана анын апасы менен маек курушту.

Баланын аты Жанасыл. Ал мектепке окуу үчүн эмес, апасы менен агасын ээрчип барган. «Быйыл дагы бир балам 7-класска көчтү, Жанасыл биз менен чогуу барды, бир убакта чарчадым деп, тоголоктолгон килемге жатып алыптыр, аны бирөө сүрөткө тартыптыр, ким экенин билбейм. Бул сүрөт социалдык тармактарга тарады. Ал ошол учурда телефондон эмнени көрүп жатканын билбейм”, — дейт баланын апасы Бакытгүл Жакупова.

Баланын апасы дал ушул мектепте ашпозчу болуп иштейт. Бала чоңойгондо куруучу болгусу келерин айтат.

Жанасыл 6 бир туугандын кичүүсү. Быйыл ал 4 жашта. «Мектептин жанында бала бакча бар. Агалары аны ал жакка алып барышат да, 1-сентябрь күнү аларга окшоп Жанасыл да костюм кийгиси келди», — дейт апа.