«Мектепке барууга мажбурлаган». Орусияда 16 жаштагы өспүрүм үй-бүлөсүн балталап салды

Орусиянын Екатеринбург шаарында бүтүндөй үй-бүлөсүн – апасын, атасын жана 12 жаштагы карындашын балталап салган 16 жаштагы окуучу кармалды. Бул тууралуу Орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Жаракаттар оор болгондуктан алардын ким экенин тактоо үчүн экспертиза талап кылынган. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгү 1-мартта Октябрь айылындагы үйлөрдүн биринен табылган. 42 жаштагы Гуля Горбунова менен 12 жаштагы кызы дароо аныкталган.

Алгач кылмышты үй-бүлө башчысы кылган деп божомолдонгон. Бирок кийинчерээк анын сөөгү өлүктөрдүн арасында болгону аныкталган. Аны дароо таануу мүмкүн болгон эмес. Ошондон баштап полиция кылмышка шектүү катары 16 жаштагы окуучуну издей баштаган.

Орусиялык ЖМКлардын жазган маалыматы боюнча, кылмышка шектүү кармалган. Ал кылмышты мойнуна алган. Мындай кадамга барууга өспүрүмдүн мектепке баргысы келбегени түрткү болгон. Анын айтымында, аны апасы мектепке барууга мажбурлаган. Ошол себептен ал апасын, карындашын, жумуштан келген атасын балталап, качып кеткен.