Мектепти таштап, ооруган карындашына акча чогултуп жүргөн жигитке беткапчан киши жардам берип, ыйлатты

Социалдык тармактарда беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу 17 жаштагы Ислам аттуу жигитке жардам берди.

Анын айтымында, Ислам апасы жана 5 бир тууганы менен 1 бөлмөлүү ижарага алынган батирде жашашат. Апасынын жүрөгү оорулуу, ал эми анын карындашы Фатима боор циррозуна чалдыккан. Ал карындашынын оорусун укканда эле мектепти таштап, акча табуу үчүн иштеп баштаган. Ал эми дарыгерлер тез арада операция жасатуу керектигин айтышкан. Бирок учурда айтылган сумма толук чогула элек болгон.

Беткапчан киши ага операциянын акчасын толугу менен берип, батир белек кылды.