АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын жубайы, мурдагы фотомодель Мелания Трамп жолдошунун инаугурациясына кийип барган баш кийими талкуу жаратты.
Ал иш-чарага кара классикалык пальто, учтуу така кийип, образын көзү көрүнбөй тургандай шляпа менен толуктаган. Анын бул образы социалдык тармактарда мемге айланды. Айрымдары аны «Маска» тасмасындагы Жим Кэрриге окшоштурушса, айрымдагы мультфильмдеги Шапоклякка салыштырышты.
Андан тышкары, президент жубайын бетинен өбөйүн дегенде ага шляпасы тоскоолдук жаратып калган видео да тарады.
Oh, now it makes sense. Melania wore the hat as a barrier to Trump’s lips. Got it. #Inauguration2025 pic.twitter.com/v35yY7eD3I
— JC R WHIT (@JC99WHIT) January 20, 2025