Мелания Трамптын инаугурацияга кийген баш кийими талкуу жаратты

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын жубайы, мурдагы фотомодель Мелания Трамп жолдошунун инаугурациясына кийип барган баш кийими талкуу жаратты.

Ал иш-чарага кара классикалык пальто, учтуу така кийип, образын көзү көрүнбөй тургандай шляпа менен толуктаган. Анын бул образы социалдык тармактарда мемге айланды. Айрымдары аны «Маска» тасмасындагы Жим Кэрриге окшоштурушса, айрымдагы мультфильмдеги Шапоклякка салыштырышты.

Андан тышкары, президент жубайын бетинен өбөйүн дегенде ага шляпасы тоскоолдук жаратып калган видео да тарады.