«Мен аны эмес, ал мени жоготту». Ерке Есмахандын мурдагы жигити ачык маек берди

Ninety One’дын мурдагы мүчөсү Азамат Зенкаев TALKLIKE берүүсүнө барып, мурдагы сүйүктүүсү Ерке Есмаханга байланыштуу бир катар ачык суроолорго жооп берди. Tengri Life кененирээк айтып берет. 

Журналист ага «күчтүү эркек аялды жанында кармай алат, Еркенин кетип калганы Азаматтын алсыздыгыбы?» деген суроо менен кайрылды. «Мен эч кимди жготкон жокмун, Ерке мени жоготту. Жашоо жолугушуулардан жана коштошуулардан турат. А балким мен аны жанымда кармагым келбегендир? Пикир келишпестиктер болду», — деп жылмайып жооп берди.

Маек учурунда ырчы Ерке менен болгон биринчи жолугушуусун да эстеди. Аткаруучу ага ыр жазып берүүнү суранып, ошондон башталган. «Андан кийин сүйлөшө баштадык, токтой албадык, ал дагы абдан шайыр, мени багындырды. Бирок акырында ар ким өз жолу менен кетти. Анан мен аны жакшы көрчүмүн, ооба, бирок азыр ал мамиледен шектенүүлөр бар», — деди.

Азаматтын айтымында, апасы Еркени жаш айырмачылыгына, шоу-бизнестеги иштегенине карабай жакшы кабыл алган. Ninety One тобунун мурдагы мүчөсү мамилени ким токтотту деген суроого күлүп жиберди. «Мени таштап кетти дей берели. Бактылуу болсун, мен ал үчүн кубанычтамын», — деди.