«Мен да тиштедим». Крокодил тиштеген адам кантип аман калганын айтып берди

Австралиялык фермер Колин Деверо 3 метрлик крокодилдин кол салуусунан аман калганын ABC News телеканалына айтып берген. 

Окуя өткөн айда Австралиядагы Финнис дарыясынын жанына тосмо курууга даярданып жатканда болгон. Фермер саздын жанына токтоп, сүзүп бараткан балыктарды байкап калган. «Эки кадам алдыга басканда эле крокодил оң бутумдан тиштеп алды. Ал мени тиштеп, куурчактай силкип, өзү менен кошо сууга сүйрөп кирди», — дейт Деверо.

60 жаштагы киши бош калган сол буту менен крокодилди тебүүгө аракет кылганын, ал тургай жооп иретинде жаныбарды тиштеп алганга аракет кылганын айтты. «Мен ыңгайсыз абалда болчумун, бирок кокустан тишим менен анын көз тарабын тиштеп алдым. Териси абдан калың экен, мен терисин жулуп алайын дегенде коё берди. Унаамды көздөй чуркадым. Артымдан бир аз басканга аракет кылды», — деди ал. 

Дыйкан сүлгү жана жип менен бутун таңып, канды токтоткон. Андан соң анын агасы окуя болгон жерден ооруканага алып барган. Ал азыр дарыланып жатат. Негизги маселе жарааттан бардык зыяндуу бактерияларды жок кылуу болгон. Баткак кирип, тиштелген бутту 10 күн дегенде тазалашкан. Ушул айда анын терисине операция жасалган. Дыйкандын айтымында, ал манжаларын сезип баштаган. Дарыгерлер бул жумада ооруканадан чыга алат деп үмүттөнүшөт.

Колин Деверо бул окуя ага сабак болгонун айтты. Анын айтымында, ал буга чейин ошол саздын жанында тосмо куруп иштеп келген. «Мен өз жашоом менен жашап жүрө бериптирмин. Кудай жашооңду өзгөрт деген белги берди окшойт», — дейт ал.