АКШнын президенти орус бийлигине: «Мен Навальныйды эртерээк бошотууга чакырам»

 АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын бийлиги саясатчы Алексей Навальныйды бошотуусу керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымдоо каражаттары жазышууда.

Анда Байден Навальныйга байланыштуу окуялар аны тынчсыздандырып жатканын айткан.

«Мен эртерээк жана эч кандай шарт койбостон Навальныйды бошотууга чакырам», — деп билдирген АКШнын президенти.

2-февралда Орусияда саясатчы Алексей Навальный соттун чечими менен 3,5 жылга эркинен ажыратылган. Соттук иште «Ив Роше» иши боюнча 2014-жылы өкүм кылынган шарттуу жаза үч жарым жылдык түрмөгө алмаштырылган болчу.