Өзбекстанда тоюнда жубайын чаап жиберген жаран: «Кармана албай калдым. Жубайымдан кечирим сурагам»

Социалдык тармактарда үйлөнүү тоюнда жубайын башына чапкан жарандын видеосу тараган. Маалыматка караганда, социалдык тармактарга тарап, коомчулукта резонанс жараткан видео ушул жылдын 6-июнунда Сурхандарыя облусунун Узун районунда өткөн үйлөнүү үлпөт тоюнда тартылган. Ошондой эле жубайлар окуядан кийин эки жолго түшкөн эмес.

Видеодон кийин укук коргоо кызматкерлери тарабынан жаран табылып, кармалып, Өзбекстандын Административдик кодексинин 183-беренеси (майда бейбаштык) менен административдик жоопкерчиликке тартылган. Иш соттун кароосуна жиберилгени маалым болгон

Өзбекстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жигитти таап, анын бул кылыгы боюнча комментарий алышкан. «Өзүмдү кармай албай калдым. Мен келинчегимден кечирим сурагам. Бул экинчи кайталанбайт», — деген ал.