«Мен коркунучтуу адаммын». Улуу Британияда медайым 7 ымыркайды өлтүргөн

Британ соту медайым Люси Летбини жети наристенин өлүмүнө күнөөлүү деп тапты.

Ал 2015-жылдын июнь айынан 2016-жылдын июнь айына чейин Честер ооруканасында иштеп жатканда жаңы төрөлгөн ымыркайларга шприц менен аба сайып өлтүргөн. Летби ошондой эле атайылап аба сайып, ашыкча тамактандыруу жана инсулин менен ууландыруу сыяктуу ыкмаларды колдонуп, оорукананын неонаталдык бөлүмүндө дагы алты ымыркайды өлтүрүүгө аракет кылган деп табылды.

Манчестер соту Летбиге өкүмдү 21-августта чыгарышы керек. Үйүн тинтүү учурунда Летби жазган жазууларды табышкан. «Мен жашоого татыктуу эмесмин. Мен аларды атайылап өлтүрдүм, анткени мен аларга кам көрө албайм», — деп жазган ал бир жазууга, экинчисине «мен коркунучтуу жаман адаммын» деп кошуп, баш тамгалар менен «Мен жаманмын, мен жасадым» деген.