«Мен сизди жерге берүүгө бара жатам». Баян Максат кызынын атасы тууралуу жазганы көпчүлүктү ыйлатты

Баян Максат кызынын атасы Максат Мухитденов каза болгону белгилүү болгон. Бул тууралуу казакстандык телеалпаруучу, ошондой эле продюсердин жакын досу Динара Сатжанга таянып Tengri Lifestyle жазган. Бирок продюсердин үй-бүлөсү расмий тактай элек болчу.

Баян Максат кызы атасы тууралуу пост жазып, көпчүлүктү ыйлатты. «Ата, мен сизди жерге берүү үчүн учакта бара жатам. Ушул сөздөрдү жазууга 7 саатым бар. Мен сиздин күлгөнүңүздү, үнүңүздү сагынам. Сизди стол үстүндө күтүп, сиз келгенче тамакка тийбеген учурду сагынам. Дасторкон үстүндө көпкө созулган маектешүүлөрүбүздү, ар кандай темадагы талаш-тартыштарыбызды, телевизордун катуу чыккан үнүн сагынам. Миңдеген китептерди жазып калтырып кеткен бөлмөгө кирип, эски креслого отурам. Сиздин кандай терең жана акыл-эстүү адам экениңизди, бул дүйнөгө, элиңизге кандай илимий мурас калтырганыңызды дагы бир жолу түшүнүү үчүн китебиңизди окуп чыгам. Өмүр бою сиз менен сыймыктанып, сиздин көңүлүңүздү калтыруудан, таарынтып алуудан дайыма коркчумун. Мен сага татыктуу кыз болууга аракет кылдым, болдумбу билбейм?! Мен аракет кылдым. Сен мага өзүңө ишенүүнү үйрөттүң, эмне үчүн экенин билесиңби? Эсиңиздеби, мен анда 18 жашта элем, мага жардам берчи деп сурангам, анткени сиз бардык эл артисттерин, композиторлорду, акындарды, режиссёрлорду жакшы билесиз, мага бир эле сөз менен жооп берип, “эгер таланттуу болсоң, баарына өзүң жетесиң, ал эми талантсыз болсоң, мен кызымдан уялгым келбейт». Мен сизди жакшы көрөм, терең урматтайм жана сиздин кызыңыз болгонума абдан сыймыктанам. Рахмат ата, баары үчүн рахмат», — деп жазды ал. 

Максат Мухитденов 76 жашында дүйнөдөн кайтты. Каза болгон себеби айтыла элек. Баян Максат кызынын үй-бүлөсү расмий түрдө комментарий берген жок. Баян Алагузова үй-бүлөсү менен Таиландда болчу.