Атырауда 25 жаштагы жигиттин жансыз денеси үйүнүн кире беришинде табылды. Бул тууралуу Орда жазды. Маалыматка караганда, алыс эмес жерден балка жана 66 жаштагы аял, 61 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдар асынган абалда табылган жигиттин ата-энеси болгон.
Алдын ала маалымат боюнча кылмыш алар уктап жатканда болгон. Жигит суицидге барар алдында кат таштаган. Катта «Мени кечиргиле» деген жазуу болгон. Кылмыштын чоо-жайын полиция иликтеп жатат.