«Мени кылды деп ойлоп калышат». Казакстандын мурдагы министри каза болгон жубайынын бетиндеги тактар боюнча айтты

Соттук отурумда жубайын өлтүрүүгө шектелип жаткан Казакстандын экс-министри Куандык Бишимбаев Салтанат Нукенованын бетиндеги көгөргөн тактар кайдан пайда болгону ​​боюнча өз версиясын айтты. Бул  Тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Айыпталуучунун айтымында, анын жубайы спирт ичимдиктерин көп иччү. Бир жолу чет өлкөгө чыгаар алдында Бишимбаев Нукеновага кезектеги чырдан кийин сүйлөшөм деп барган. «Кетээрдин алдында бардым. Барсам мас абалында, шишиген, көзү көгөргөн абалда экен. Мен «Салта, көзүң эмне болуп көгөрдү?» дедим. Ал мас абалында дааратканага бара жатып, столго, тумбочкага же керебетке кулап кеткенин айтты», — деди ал. 

Бишимбаев жубайы менен андан кийин туулган күндө жолукканын билдирди. «Мен анын чоң көз айнек тагынып жүргөнүн көрүп, «Мени кылды деп ойлошот» дедим, ал болсо, баарына биздин эки жолго түшкөнүбүздү айтыптыр», — деди ал.