«Мени уулун колдоп жатат деп ойлошкон». Машыктыруучу кыз интернетте тараган видео тууралуу айтып берди

Социалдык тармактарга Карагандадагы каратэ боюнча өткөн спорттук турнирлердин биринде тартылган видео тараган. Видеодо шакирттерине колдоо көрсөткөн машыктыруучу тартылган. Социалдык тармактын колдонуучулары машыктыруучунун эмоцияга берилип, окуучуларына үйрөтүп жатканын жылуу кабыл алышкан.

Tengri Life анын 20 жаштагы Балаус Аубакирова экенин жазды. Кыз азыр Талдыкорган шаарында 4 жаштан 17 жашка чейинки балдарды тарбиялайт. Ал өзү Казакстандын чемпиону, спорт чебери. Кыз орусиялык университетинин машыктыруучу адистигин сырттан аяктайт. 

«Турнир учурунда окуучуларымды алып чыктым. Видеого тартып, Инстаграмга бөлүшүп коюшуптур. Мен да бул видеону эстелик катары социалдык тармактагы баракчама жайгаштырууну чечтим. Көптөр мени баламды колдоп жатат деп ойлошкон экен, балким ошол үчүн видео тез арада көрүүлөргө жана популярдуулукка ээ болгондур. Бирок мен «Бүткүл казакстандык киокушинкай каратэ уюму» коомдук бирикмесинде машыктыруучумун», — дейт кыз.