Учурда сексуалдык кылмыштарга айыпталып жаткан Пи Диддинин апасы Женис Смоллс Комбс чуулгандуу окуя тууралуу үн катты.
«Мен бүгүн эне катары кайрылуу жасайм. Уулум боюнча айтылган айыптоолорго абдан кайгырып, капа болдум. Уулумду чындык үчүн эмес, жалган окуялар үчүн соттоп жатканын көрүү жүрөгүмдү оорутуп жатат», — деди Женис. Ал ошондой эле уулу сот тарабынан күнөөлүү деп табыла электе эле болуп жаткан каралоолорго чыдагыс экенин айтты.
Женис анын уулу дайыма эле чынчыл боло бербегенин мойнуна алды, айрыкча мурдагы сүйлөшкөн кызы Кэсси Вентура менен болгон окуяда Пи Дидди 2016-жылдын март айында Лос-Анжелестеги мейманканада физикалык зомбулук көрсөткөнү камерага түшүп калган. Анын айтымында, өткөн жылы Кэссинин арызы боюнча иш ачылгандан бир күн өткөндөн кийин ага басымды күчөтүп, башкаларды каржылык пайда табууга түрткү берген.
Женис уулу өзүн коргоп сүйлөй албай, эркиндигинен жана репутациясынан ажырап калганына өкүнгөнүн билдирди. Апасы коомчулукту уулун колдоого жана эрте жыйынтык чыгарбоого чакырып, сөзүн жыйынтыктады. «Менин уулум айтылып жаткандай монстр эмес жана ал өз чындыгын айтууга татыктуу» деди ал.
Эскерте кетсек, Пи Дидди 16-сентябрдан бери сексуалдык иш үчүн адам сатуу жана опузалап акча талап кылуу деген айып менен камакта кармалып келет. Март айында анын үйүн тинтүү учурунда миңден ашык бөтөлкөдө балдарга арналган май табылган. Рэпер өз күнөөсүн мойнуна албай, эки жолу 50 миллион доллар күрөөгө бошотууну суранган, бирок сот аны камактан бошотуудан баш тарткан.
Пи Дидди кармалгандан кийин анын рэперлер Тупак, Notorious B.I.G жана ырчы Алиянын өлүмүнө катыштыгы бар деген имиштер чыкты. Ошондой эле ал Жастин Бибер менен Ашерге карата кандайдыр бир кылмыштарды жасашы мүмкүн деген божомолдор дагы тарады. Анткени атактуулар жаш кезинде продюсердин «камкордугу астында» көп убакыт өткөргөн.
Пи Диддинин чуулгандуу “ак кечелеринин” катышуучуларынын арасында Леонардо Ди Каприо, Уилл Смит, Майкл Жексон, ханзаада Гарри, Рианна, Сара Жессика Паркер, Пэрис Хилтон жана башка көптөгөн белгилүү музыканттар жана актёрлор-актрисалар бар.