Мессиге Катардын эмири өзүнүкүндөй болгон чепкен жапты. Ал эмнени түшүндүрөт?

Кечээ, 18-декабрда Катардын эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани Дүйнө кубогун тапшырардан мурда аргентиналыктардын капитаны Лионель Мессиге өзүнүкүндөй болгон чепкен жапты.

Ал арабдардын улуттук «бишт» деп аталган кийими, аны адатта желбегей жамынып алышат. Чепкендин аталышы «бишту» деген сөздөн келип чыккан жана ал «асылдык», «кадыр-барк» деп которулат. Мындай кийимди эмирдин өз колунан тартуулоосу бул чоң урмат көрсөтүүнүн белгиси жана катардагы жаранга көрсөтүлгөн мындан артык сый жок. Кара чепкенди араб эркектери чоң салтанат, үйлөнүү-үлпөт тою сыяктуу өзгөчө күндөрдө гана кийишет жана көбүнчө падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн, бай, мартабалуу адамдардын кийими катары кабыл алынат. Бишт кара жана күрөң түстө болот, ал төөнүн жүнүнөн даярдалат.