Мессинин күйөрманы Францияга барып, аны 10 саат үйүнүн алдынан күтүп, акыры жолугушкан (видео)

Францияга Лионель Месси менен жолугуу үчүн барган күйөрманга футболчу кол тамга калтырып, сүрөткө түшүү менен чектелбестен, аны үйүнө да чакырган. Бул тууралуу Infobae басылмасы жазды.

Фан Хуан Полкан өзүнүн кумири Лионель Месси менен жолугушуу үчүн бир нече айдан бери Парижге эки күндүк сапарга барууну пландап жүргөн. Ал футболчунун жашаган жерин билүүгө көпкө аракет кылып, акыры ийгиликке жеткен. Атактууну тейлеген чач тарач чабуулчу үй-бүлөсү менен кайсы аймакта жашаарын айткан.

Парижге барган Полкан өзүнө керектүү жерди таап, аны бир аз кыдырып, кумиринин үйүнө барган. «Эртең мененки саат 9дар чамасында мен ал жакка Мессини көрөм деген үмүт менен баргам. Адегенде жалгыз болчумун, анан мага дагы бир күйөрман кошулду«, — дейт ал.

Полкандын айтымында, кечинде, 10 сааттай күткөндөн кийин үмүтүн үзгөн, андан тышкары, өтүп бара жаткандар аларга шектенүү менен карай башташкан жана күзөтчүлөр полиция чакырабыз деп коркутушкан. «Капысынан эле аялы Антонелла Рокуццо бизге келип, үйдү көрсөтүп, «киргиле» деди. Мен аябай таң калдым. Ал бизди үйүнө чакырды. Киргенибизде, футболчу алдыбыздан чыгып, жөн гана «Салам» деди. Бул мен үчүн укмуштуудай учур болду», — дейт ал. 

Полкан сүрөткө кошумча катары футболчунун кол тамгасын алганын айтты. Ошондон кийин дароо күйөрман кол тамгадан татуировка жасатып алган.