Мессинин жеңиш тууралуу билдирүүсү лайктардын саны боюнча рекорд койду

Лионель Мессинин футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттагы жеңиши тууралуу билдирүүсү соцтармактардагы лайктардын саны боюнча рекорд койду. Тагыраагы анын саны 57 миллиондон ашты.

Буга чейин бул рекорд жумуртканын сүрөтүнө таандык болчу. Үчүнчү орунда Криштиану Роналдунун Louis Vuitton тууралуу илген жарнамалык билдирүүсү турат, ага 42 миллион лайк коюлган. Айтмакчы, ал сүрөткө Лионель Месси экөө түшкөн.