Михаил Боярскийдин жүрөк оорусу кармап ооруканага түшкөнү айтылды

Орусиялык артист Михаил Боярский 27-ноябрда жүрөк оорусу кармап ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Tengri Life жазды. 

Маалыматка караганда, ал Мариинский ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер Боярскийдин абалын турукташтыра алышкан. Актёрдун уулу маалыматты журналисттерге тастыктаган.

«Ооба, бул чын. Атамдын жүрөк оорусу кармады, бүгүн өзүн жакшы сезип калды, аны менен телефон аркылуу сүйлөштүм, кадимки палатада жатат», — деди уулу.