Михаил Горбачевду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-сентябрда өтөт

Михаил Горбачев менен коштошуу зыйнаты 3-сентябрда болот. Бул тууралуу Горбачев атындагы фонддун басма сөз катчысы билдирди.

Фонддун маалыматы боюнча, коштошуу зыйнаты Колонна залында өтөт, акыркы сапарга узатуу зыйнаты ошол эле күнү болот. Мурда маалымдалгандай, Горбачевдун сөөгү Москвадагы Новодевичье көрүстөнүнө үй-бүлөлүк бейитке, жубайынын жанына коюлат.

Кремль президент Владимир Путиндин катышар-катышпасын кийинчерээк жарыялай турганын билдирди.