Михаил Горбачевдун сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө жубайынын жанына коюлат

91 жашында каза болгон КПСС Борбордук Комитетинин акыркы башкы катчысы, СССРдин жалгыз президенти Михаил Горбачевдун сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө жубайынын жанына коюлат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Михаил Горбачевдун тааныштарына жана Горбачев фондунун өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маркумду акыркы сапарга узатуу датасы азырынча белгисиз. Михаил Горбачев 30-августта Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада каза болду. Анын жубайы Раиса 1999-жылы 20-сентябрда 67 жашында каза болгон.